Ачыктык жана автоматташтыруу жүздөгөн бажы кызматкердин ишке кызыгуусун жоготту

148 адам Мамлекеттик бажы кызматындагы жумуштарынан баш тартышты. Себеби, ачык иштөөгө шарт түзүлүп, коррупциялык схемаларды орундатууга мүмүкүнчүлүк кыйла азайды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 26-февралда, МБК төрагасы Кубанычбек Кулматов жасады.

Анын айтымында, 2011-2012- жылдары кыйла кадрлардын кетүүсү байкалган. Кызматкерлердин көбү өз ыктыяры менен кетип жатышты. Көпчүлүгү пенсия курагы деп эсептелген 55 жашка да чыга элек. "Массалык түрдө кетүүсү, бул кызматкерлердин жумушка кызыгуусу тарагандыгын билдирет. Себеби, бажы пунктарындагы системаны автоматташтыргандан бери коррупция жасоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе",- деген божомолдоолорун Кулматов билдирди.

Ошол эле учурда, ал бажы кызматына болгон кызыгуу дале жогору экенин белгилейт. Учурда бажы кызматындагы бир жумуш ордуна 6-7 адам талапкер катары каралат.

"2010-жылы кызматка 51 кызматкер алынган, 2011-жылы – 71, 2012-жылы – 45. Биз кадрдык резервди даярдоо максатында жаңы принцип менен иштеп жатабыз. Учурда 700 адам резервде. Биринчи этабында – аскерий-дарыгерлик комиссиядан өтүүдө 350 талапкер жараксыз деп табылды. Андан кийин компьютердик тестирлөө, акыркысы жекеме-жеке баарлашуу. Өткөн жылы кадрдык резерв 600 кишиге чейин жеткен. Анын ичинен болгону 80 жумушка кабыл алынган", - деди МБК төрагасы.

Кулматов жаңы кадрдык ылгоо системасын киргизүү, кызматкерлердин курамынын сапатын бир кыйла жогорулатат. Айтылган сөздөргө 2012-жылы өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыктары да далил болуп бере алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД