Ысык-Ата районунда эки машина кагышты

Ысык-Ата районунда эки машина кагышты. Бул тууралуу Чүй ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү машинанын 23-жаштагы айдоочусу Бишкек-Торугарт авто жолунун 22-чакырымында "Фольксваген Гольф-2" машинасы менен кагышкан. Аны 36 жаштагы Кант шаарынын тургуну айдап бараткан.

Жол кырсыгынан эки айдоочу тең жана "Фольксваген" машинасындагы жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД