Бахадыр Кочкаров АФКнын Чемпиондор лигасынын матчын тейлейт

ФИФА реферинин ассистенти Бахадыр Кочкаров Азиялык футбол конфедерациясынын Чемпиондор лигасынын матчын тейлейт.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, Кочкаров "Вегалта Сендай" (Япония) жана "Джиангсу Саинт" (Кытай) командалар арасындагы матчты реферинин экинчи ассистенти катары тейлейт.

АФК жана ФИФА матчтарынын инспектору Виктор Колпаков ирандык "Трактор" жана катарлык "Аль-Жаишти" тейлейт. АФК матчтарынын комиссары Кемель Токабаев "Аль-Шабаб" (Сауд Аравиясы) жана "Аль-Джазирага" (БАЭ) бекитилген.

Чемпиондор лигасындагы кыргызстандыктар тейлеген Япония, Иран жана Сауд Аравиясындагы бардык матчтар 1 майга бекитилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД