Бишкекте фиалкалардын көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 1-4-мартка чейин фиалкалардын көргөзмө-жарманкеси Соода үйүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу "ВБга" көргөзмөнүн уюштуруучулары, фиалка гүлүн коллекциялоочу Анна Соловьева жана Юлия Калашникова айтып беришти.

Көргөзмө учурунда гүл сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, гүл өтүрүүчүлөр түрлүү консультацияларын берип, кеп-кеңеши менен бөлүшүшөт. Экспозициянын уюштуруучулары Анна менен Юлия экөө биргелешип, фиалканын 500 ашык түрүн чогултушкан. Гүлдөрдүн ар-түрдүүлүгүн жана кооздугун сөз менен айтып берүү жетишсиз. Алардын көптүгүнөн баш айланат – жылмакай, кызгылтым, гүлгүн, сыя көк, ачык көк.

"Фиалкаларга бир кызыксаң, кайра баш тартып кетүү мүмкүн эмес. Ар дайым көңүлүңүздү көркү менен кубандырып турат. Жакшы каралса, узакка чейин гүлдөшөт. Андан тышкары жыл сайын жүзгө жакын жаңы сорттору чыгып турат. Ошондон улам коллекцияңды улам толтургуң келип турат", - дешти Анна менен Юлия.

Өздөрүнүн сорттору жөнүндө курбулар азырынча жөн гана кыялданып келишет. Жаңы түрүн каттоо үчүн анын вегетативдик тукумун текшерүү зарыл. "Учурда ошону менен алектенип келебиз. Балким келечекте, кочкул кызыл түстөгү гүлдөрдү да чыгарып калабыз", - деп коллекционерлер айтышты.

Фиалка гүлү көпкө чейин гүлдөп туруусу үчүн бир катар шарттар бар: чакан идиш, ыңгайлуу жер, жана жарык бөлмө. Гүлдөр отургузулган идиштин чоңдугу 6-9 сантиметрден чоң болбошу керек. Себеби, "ал бардык топуракты тамыры менен желе сымал курчаганда гана гүлдөп баштайт" деп Анна түшүндүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД