Министрликтен жеке клиникаларды текшерүүнү талап кылышты

КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев саламаттыкты сактоо министринен жеке клиникалардын ишмердигин текшерүүнү талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда, журналисттерге билдирди.

Депутаттын айтымында, анын апасына "Юрфа" аттуу жеке клиникадан томография жасашып, туура эмес жыйынтыктарды беришкен. "Мен дарыгерлердин бул аракетин жоопкерсиздик деп баалайм. Чындыгында бул клиникада жаңы жабдыктар орнотулган. Бирок адисттердин деңгээли ойдогудай эмес. Мен саламаттыкты сактоо министрине борбордогу бардык жеке клиникаларды текшерүү өтүнүчү менен кайрылдым", - дейт Кутушев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД