Прокуратура "Кумтөрдү" иликтеген мамкомиссиянын отчету боюнча кылмыш иш козгоду

Башкы прокуратура "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын отчету боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, компания менен келишим түзүүдө анын кызыкчылыгына басым жасаган келишимге мамлекеттик аткаминерлердин кол койгон фактысы аныкталган.

Аталгандай кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси "Коррупция", 304-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 305 жана 306-беренелер боюнча козголду.

Кылмыш иши ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан иликтенет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД