Жазында Бишкекте жол белгилерин түшүрүү иштери башталат

Бишкектеги жол белгилерин түшүрүү жана жол чырак объектилерин акыбалы жөнүндө маселе шаардык муниципалитеттин пландык жыйынында каралды. Бул туралуу Бишкек мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Жол кыймылы коопсуздугунун монтаждык-эксплуатациялоого ылайыкташкан башкармалыктын жетекчиси Сергей Дьяченконун айтымында, шаардагы 6 500 жол белгилеринин ичинен 4 500 сырткы келбети нормага туура келбейт.

"Жол белгилери кыйшайып, жарык кайтаруу өзгөчөлүгүн жоготуп, учурда алмаштырууну же калыбына келтирүүнү талап кылууда. Белгилердин эксплуатация мөөнөтү болгону 3 жылды түзөт. Унаалардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн кошумча 3000 белги орнотуу зарыл. 2011-2012-жылдары Бишкекте 800 белги орнотулган, ал эми 2013-жылдын башынан тартып 120 белги жана мамылар оңдолгон", - деди Дьяченко.

Ошондой эле анын айтымында, Бишкекте акыркы жылдары жол кырсыктарынын көбөйүүсү байкалууда. Былтыр 1782 жол кырсыгы катталып, натыйжасында 99 адам каза болуп, 2089 ар кандай оордуктагы жаракат алышкан.

Борбордун мэри жаз келээри менен жол белиглерин түшүрүп, биринчи кезекте оорукана, мектеп, жож жана соода борборлордон баштоону буйурду.

Ошондой эле көпчүлүк жол эрежелерин бузгандар жол чыракты же тосмону уратып, ордунан из таптырбай качып кетишүүдө. Алар мамлкеттик менчикке абдан чоң зыян келтиришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД