Айылдык мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү жаштарды кызыктырган жок

Жаш адистерге кошумча каражат төлөөсү каралган, мугалимдердин эмгек акысын төлөө реформалары региондор үчүн натыйжалуу болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда, Таластагы №2 орто мектебинин директору Евгений Уваркин билдирди.

Анын айтымында, Талас облусундагы билим берүү мекемелердин негизги баш оорусу - бул кадр маселеси. Мектептерде көбүн эсе пенсионерлер эле иштейт. "Эмгек акынын реформасы да жаш кадрларды кызыктырган жок. Алар регионго келип иштөөгө өтө деле шашылышпайт. Мугалимдердин орточо айлыгы 2-3 миң сомдон 6 миң сомго чейин көтөрүлдү", - деди Уваркин.

Региондогу мектептердин экинчи маанилүү көйгөйү – бул орус тили боюнча китептердин жоктугу. Уваркиндин айтымында, анын мектеби толугу менен орус тилдүү, себеби ата-энелердин басымдуу көпчүлүгү балдарынын орус тилди билүүсүн каалашат.

Талас облусундагы эң алгачкы мектеп 1889-жылы чиркөө алдындагы мектеп катары негизделген. Анда азыр миңге чукул окуучу билим алат. Мектепте 50 мугалим иштейт, анын көпчүлүгү элдик билим берүүнүн отличниги болуп келишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД