Кыргызстанда бир жылда 1 323 майып көбөйгөн

2012-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 1-январына чейин 1 323 киши майып болгон. 2012-жылы 52 972 киши болсо, 2013-жылы майыптардын саны 54 295 кишиге жеткен. Алардын 11 039у балдар. Мындай маалымат Социалдык өнүгүү министрлигинин бүгүнкү, 27-февралдагы, коллегиясында министрдин орун басары Эдил Байсалов тааныштырган отчетто айтылат.

Медициналык социалдык экспертизадан өткөн адамдардын саны 2013-жылдын 1-январына карата 57 274 адамды түзгөн. Алардын 11 761и балдар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД