7-апрель боюнча cот "Ак үйдүн" чатырына чыгат

Бүгүн, 27-февралда, 2010-жылдын 7-апрелинде жабыркагандардын жактоочусу Осунбек Жамансариев, процесс учурунда төрагалык кылып жаткан сот Дамир Оңолбековдон "Ак үйгө" баруу иш чарасын уюштурууну өтүндү.

Анын айтымында, мурда сот залында сот отурумунун сыртка чыгып, "Ак үйдүн" 6-жана 7-кабатына барып, митингчилерди атуу процесси менен визуалдык түрдө таанышып чыгуу билдирмеси жасалган.

Оңолбеков буга байланыштуу сыртка чыга турган сот отурумунун баардык катышуучуларынын тизмегин түзүү зарыл экендигин билдирди. Сот божомолдуу тизмекти жазып, ага мамлекет тарабынан айыптоочу жана жабыркаган тараптан экиден кишини, бир нече соттолуп жаткандарды, ок атуучуну, командирлерди жана эксперттерди кошту.

Соттолуп жаткандардын жактоочулары, соттун болжолдуу тизмегине макул эместигин билдиришти. Алардын оюу боюнча сыртка чыккан сот отурумунда баардык коргоочулар катышуусу зарыл.

Тараптардын ой-пикирин уккан Дамир Оңолбеков жактоочуларга жана мамлекеттик айыптоочуларга тизмекти даярдоо токтомун чыгарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД