Мурдагы муфтийдин сотуна анын 50дөн ашык жактоочусу да келди

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 2011-жылы ажылыкты уюштурууда салык төлөөдөн качкан деген шек менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун соту башталды.

Сотко Чубак ажыны колдоп, анын 40-50дөй жактоочусу да келген. Алар экс-муфтийдин күнөөсүз экенин айтып, ажылыкты уюштурууда салык алынбашы керек дешет.

Айыпталуучунун адвокаты Таалайбек Айдаров Чубак ажы Жалилов салык төлөгөн эмес деп айыпталып атканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД