Башка мамлекеттин түрмөлөрүндө үч миңдей кыргызстандык бар

Чет мамлекеттин түрмөлөрүндө 2 800 кыргызстандык жаран жаза өтөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-февралдагы, жыйынында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 2 300 жараны бар. "2012-жылы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө 126 кайрылуу келген, алардын 11 чет элдик жарандардан болгон. Андан сырткары 33 кайрылуу Орусиянын абактарындагы Кыргызстандын жарандарына тиешелүү. Ошондой эле Казакстандан да үч кайрылуу келген. Учурда каралып аткан кайрылуулар да бар", - деди Усманова.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Кытайдын мыйзамдары бизге салыштырмалуу өтө катуу экенин белгиледи. "Кытайдын түрмөлөрүндө камакка алынган 20 Кыргызстандын жараны болсо, анын ичинен бир аял өлүм жазасына кесилген", - деди депутат.

Усманова бул маалыматты бышыктады. "Ал аял ири өлчөмдөгү героин менен кармалган. Учурда жазаны жеңилдетүү боюнча аракеттер жүрүүдө. Азырынча жыйынтык боло элек", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД