Бишкектин Түштүк дарбаза аймагында атышуу болду

Кечээ, 27-февралда, Бишкектин Түштүк дарбаза аймагында атышуу болду. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, эки бала өз ара мамилерерин чечүүгө аракет кылышкан. Алардын чырдашуусуна акча себеп болгон. Эки тарап тең эркекче сүйлөшөбүз деп, "жан-жөкөрлөрүн" да ээрчитип келишкен.

Түз отуруп, көйгөйдү чечүү ишке ашпай, ок атуучу куралдарды колдонушкан. Бир бала башына ок жеп, каза болгон. Дагы бирөөсү бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилген. Азыр анын ден-соолугу туруктуу.

Окуя болгон жерге милициянын күчөтүлгөн тобу келген. Бир канчасы изи сууй элегинде колго түшкөн. Ок аткандардын өздүгү такталды. Ошондой эле тартип сакчылары тарабынан каза болгон баланын өздүгү да аныкталды. Окуя болгон жерден криминалисттер Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын гильзаларын табышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД