Ат-Башы районунда ымыркайды таштап кетишти

Ат-Башы райондук ИИБи райондун айылдарынын бирине ымыркайды таштап кетүү фактысын каттады. Бул тууралуу укук коргоо органынан билдиришти.

Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп, аймактык оорукананын дарыгерлери да чакырылган. Дарыгерлер ымыркай баланын ден-соолугун текшерип, эч кандай коркунуч туудурбай турганын айтышкан. Дарыгерлер баланы үй шартында төрөлүшү мүмкүн дешүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 23-февраль күнү бейтааныш бирөөлөр дарбазаны кагышкан. Үй ээси короосуна бейтааныш бирөөлөр тарабынан ымыркай ташталып кеткенин байкаган.

Учурда ымыркайдын ата-энесин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Жергиликтүү милиция ымыркайды айылдын тургундары таштап кетиши мүмкүн эмес дешүүдө. Анткени айыл кичине болгондуктан тургундар бир-бирин жакшы билишет. Анан калса ымыркай ташталган үй чоң жолдун боюнда жайгашкан.

Учурда окуянын чоо-жайы толук иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД