Сокулук районунда кемпирди машина коюп кетти

26-февраль күнү Сокулук районунан кемпирди машина коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, саат 7-10дор чамасында Бишкек-Ош жолунун 25-чакырымында "ВАЗ-2106" машинасын айдап келе жаткан 55 жаштагы киши Сокулук районунан 65 жаштагы кемпирди коюп кеткен.

Жол кырсыгынан жабыр тарткан аял түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 65 жаштагы аял жолду белгиленбеген жерден кесип өтүп бараткан. Айдоочу кемпирди сүзбөгөнгө аракет кылган.

Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары жол кырсыгынын себептерин аныктоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД