Депутат айым менен төрага жыйында айтыша кетти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 28-февралдагы жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова менен төрага Асылбек Жээнбеков айтыша кетти.

Депутат айым жыйындар залында болгону 35 депутат болсо деле жыйындын башталганына ачууланды. "Таблодо 81 депутат катталды деп турат. Бул регламентти бузууга жатат. Сиз эмне үчүн 80 депутат бар деп тастыктап атасыз. Чындыгында андан эки эсе аз депутат отурат. Мындай саясат канчага чейин уланат? Эмне үчүн бул жердеги депутаттар келбеген депутаттар үчүн кнопканы басып, аларды бар деп каттап атат", - деп Нарматова суроо салды.

Төрага ага асылбоону талап кылды. "Силер өзүңөр келбеген коллегаларыңар үчүн кнопканы басып атасыңар да, анан мени жемелейсиңер. Жеке мен эч кимди каттабайм", - деп жооп берди Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД