Кыргызстанда эки айда үчүнчү ирет үч эм бала төрөлүп жатат

Бүгүн, 28-февралда, эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүндө дагы бир үч эм бала жарык дүйнөгө келишти. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресc-кызматы маалымдады.

Биринчи эки үч эм балдар ушул жылдын 31-январында жана 4-февралында төрөлүшкөн.

Бүгүнкү эне – Нарын облусундагы Кочкор айылынын 29 жаштагы тургуну. Үч эм жарык дүйнөгө келээрде бейтап бир ай адистердин көзөмөлүндө болуп, стационарда жаткан.

Төрөт операция жолу менен өтүп, наристелер биринин аркасынан кийинкиси төрөлүп жатышты. Алгачкысы уул болуп, андан кийин эки карындашы жарык дүйнөгө келишти. Ушундай жагдайды эске алганда наристелердин салмактары канаттандыраарлык, орто эсеп менен 2100-2200 кг. Эки саат бою медиктер балдардын тынчын алып, таразага тартышкан жок. Апасы жалпы наркоздон чыга элегине байланыштуу балдар атасынын жана туугандарынын төшүнө жаткырылды. Бирөөсүн кычкылтек алууга реанимацияга жөнөтүшкөн.

Дарыгерлердин айтымында, учурда балдардын абалы туруктуу жана канаттандыраарлык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД