Дүйнөлүк банк айылдарды суу менен камсызандырууга 11,5 млн доллар бөлөт

Айыл жергеси суу менен камсыздандыруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктан 11,5 млн доллар каралган. Бул туралуу бүгүн, 28-февралда, курулуш жана регионалдык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, калк жайгашкан аймактарды суу менен камсыздандыруу системаларын куруу жана реконструкция кылуунун негизги өнөктөштөрү болуп Азиянын өнүгүү банкы (АӨБ) жана Дүйнөлүк банк чыгууда. 2012-жылдын 1-февралына Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Темир жана Кашат айылдарында, Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө, Ак-Кочкор, Балтабай айылдарында суу менен камсыздандыруу системалары курулуп, эксплуатацияга берилген.

"Ысык-Көл облусунун Коочу жана Корумду айылдарында, Нарын облусунун Түгөл-Сай жана Таластын Үч-Эмчек айылдарында курулуш иштерин Коомдун өнүгүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) алып барууда. Ошол эле учурда, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын 91 айылында Азиянын өнүгүү банкы тарабынан каржыланып жаткан программа убактылуу токтотулган", - деп Сабиров маалымдады.

АӨБ менен Кыргызстан тарапка 750 миң доллар техникалык жардам көрсөтүлүүсү тууралуу да макулдашуу жүргөн. Андан тышкары 2013-жылга да айылды суу менен камсыздандыруу жана санитария боюнча 20 млн доллар долбоор киргизилген. Аны да АӨБ каржылайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД