Алмазбек Атамбаев япон ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Бүгүн, 28-февралда, президент Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын жүрүшүндө Япониядагы Кыргызстандын достору менен жолугушту. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууну ачып, мамлекет башчысы Кыргызстандын достору менен жылуу учурашты жана Япониянын колдоосун жогору бааларын белгиледи. "Биз эң кыйын мезгилде Япония 2010-жылы Кыргызстанда өз элчилигин ачып, Кыргызстанга колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазыбыз. Бизге Япония канчалык жакын экендигин биз унутпайбыз. Күн чыгыш өлкөсүндө Кыргызстандын ушундай достору бар экендигине биз абдан кубанычтуубуз. Мен Япония элине бакыт жана гүлдөп-өсүүнү каалайм", - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле экономикалык кызматташтык маселелерине токтолду. "Сырттан караганда эки революцияны баштан кечирген Кыргызстандын экономикасына инвестициялоо тобокелдүүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстан бардык сыноолордон өттү жана турукташуу жана демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Ошондуктан инвестициялык долбоорлорду кылчактабай эле ишке ашыра берсе болот", - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде "Мори Траст" корпорациясынын башчысы Мика Мори президент Алмазбек Атамбаевге Японияга келгендиги үчүн ыраазылык билдирип, Япония менен Кыргызстандын элин бекем достук байланыштырып тургандыгын белгиледи. "Кыйратуучу жер титирөөдөн кийин жеткирилип берилген гуманитардык жардамы үчүн биздин Ассоциация Кыргызстан элине урмат көрсөтүү иретинде Кыргызстанга япониялык сакуранын көчөттөрүн жөнөткөн эле. Мен келечек муундар кыргыз жеринде көптөгөн сакураны көрүшүн тилеймин. Бул дарактын гүлдөрү биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди символдоштурат, биз бул мамилелер мындан ары чыңдалышын гана каалайбыз", - деп айтты Мика Мори.

Жолугушуудан кийин президент расмий делегациянын мүчөлөрү менен бирге Япониянын Киото шаарына жөнөп кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД