Республикачы депутат Жылдызкан Жолдошованы коргоо керектигин айтты

Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошованы коргоо керектигин билдирди.

Эскертсек, Жолдошова буга чейин МУКК кызматкерлери тарабынан басым болуп атканын айткан болчу.

Бокоевдин айтуусунда, депутат айым ушуну менен экинчи жолу анын туугандарын кимдир бирөөлөр коркутуп атканын, бейтааныш кишилер анын үйүнө кирүүгө аракет кылганын, уюлдук телефонго коркуткан ар кандай чалуулар болуп атканын айтууда. "Эмне үчүн ага биз сакчы бөлүп бербейбиз? Ошондой эле депутатка ким психологиялык басым жасап коркутуп атканын аныкташыбыз керек", - деди ал.

Төрага Асылбек Жээнбеков Жолдошованы коркутуп аткан кишинин өздүгүн тактоо үчүн Башкы прокуратурага кат жолдоого сөз берди. Төрага ошондой эле депутат айымга сакчы бөлүп берүү маселесин да кароого сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД