Турсунбай Бакир уулу телеэфирден таанышуу чатын алып салууну талап кылды

Бүгүн, 28-февралда, парламент жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу телеканалдардын эфиринен таанышуу чатын алып салуу керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, "көрсө, эротикалык кинолорго тыюу салуу такыр мүмкүн эмес экен, себеби бул алардын киреше булагынын бири". "Бирок биз андай нерселерге тыюу салуу аракетин токтотпошубуз керек. Ал чаттарда аялдар эркек издейм, эркектер аял издейм дегенден тышкары, эркектер эркектерге жарыя беришет. Бул жат көрүнүш. Ата-энелер жана жалпы эле коомчулук кайрылып жатып, тажагандай болду. Урматтуу спикер, Сиз сөзсүз бул маселеге кийлигишиңиз керек", - деп төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды.

Спикер да жогорудагы жарнамалардын мазмунунан тышкары, грамматикалык каталарын да сынга алды. "Телеканал кантип ушундай тексттерди эфирге кетирет? Бул толугу менен деградация. Мындай көрүнүш менен күрөшүү керек. Мен сизге толугу менен кошулам", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле спикер, аскерде да имамдардын жетекчилиги алдында, адеп-ахлак сабактарын киргизүү зарылдыгын айтты. Балким бул кадам аскер жана куралдуу күчтөрдөгү "дедовщинаны" токтотот, деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД