Келдибеков музейлерди өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-февралдагы, жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков Кыргызстандын музейлерин өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүүнү сунуштады.

Эскертсек, жыйында маданият, маалыматтык саясат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Кожегелди Кулуев Кыргызстандын музейлерин колдоо боюнча фонд түзүү тууралуу токтомдун долбоорун алып чыккан.

Келдибековдун айтымында, көпчүлүк музейлер начар абалда болгондуктан токтомду кабыл алуу менен эле музейлердин көйгөйү чечилип калбайт. "Азыр музейлерге жардам берүү маселеси эле эмес, алардын маданий тарыхый байлыктарын сактап калуу да турат. 100 млн сом өтө деле көп сумма эмес", - деди ал.

Ал эми "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев Келдибековду колдоого алып, музейлерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлде программа иштеп чыгуу керектигин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД