Аламүдүн районунда алдамчылык менен шугулданган жаран кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылык менен шугулданган жаранды милиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу Чүй ИИББдын басмасөз кызматы билдирди.

Тергөөчүлөрдүн айтымында соода кылган ишкерлер алдамчынын курмандыгы болушкан. Бишкек шаарынын Маралбай аттуу тургуну 47 жаштагы аялдан өз кызматы үчүн ири суммадагы акча алган. Ал Казакстандан жүктү "Ак-Жол" чегара постунан эч кандай төлөм төлөттүрбөй алып өтүп берем деп сөз берген. Маралбай 74 миң сомду алып, изин жашырып кеткен.

Ушундай эле окуяга туш болгон 40 жаштагы "Ала-Тоо" жаңы конушунун тургуну да арыз менен кайрылган.

Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Антирэкет" рейди учурунда тартип сакчылары 21 жаштагы Жалал-Абат облусунун тургунун кармашкан.

Учурда иликтөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД