Өрттүн айынан особняк ээлери үй тоюн бербей калышты

Аламүдүн районунда бир особняк толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ЧКМнин кызматкерлери маалымдашты.

Беш-Күнгөй айылына өрт өчүргүчтөрдүн 5-бөлүмүнөн эки топ чыккан. От үйдүн 180м кв аянттын камтыган. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, аталган үйдө акыркы оңдоо иштери жүрүп жаткан. Бир нече күндөн кийин, үй ээлери көчүп келүүнү пландап жатышкан.

ӨКМнин кызматкерлеринин айтымында, өрттөнүүнүн негизги себеби, металл эритүү иши учурунда коопсуздук эрежелери одоно бузулган.

Өткөн бир сутка ичинде Кыргызстанда үч өрттөнүү катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД