Теннис: Ксения Палкина Казахстандын ITF турниринин жарым финалына өттү

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык турнирдин жалгыздык мелдешинде жарым финалга өттү.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, Палкина негизги сетканын биринчи айлампасында Казакстандык Зарина Жумажанованы жеңип чыкты (6:0, 6:2). Экинчи раундда россиялык Виктория Воронцованы да утулушка дуушар кылды (6:2, 7:5). Жарым финалга чыгуу үчүн Ксения өтө оор оюндан кийин россиялык Карина Исаянды минималдуу ажырым менен жеңди – 7:6, 7:5.

Түгөй мелдеште Палкина менен россиялык Мая Гаверова жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу беттешинен утулуп калышты. Ошону менен турнирдеги катышуусун токтотушту.

Дагы бир кыргызстандык теннисчи Бермет Дуванаева жалгыздык мелдеште чейрек финалга чыгуу үчүн кытайлык Йи Янгга 6:3, 0:6, 3:6 эсеби менен утулду. Түгөй мелдеште Дуванаева Казакстандан Зарина Жумажанова экөө ойноп, жарым финал үчүн мелдеште утулушту.

Турнир Эл аралык федерациянын демилгеси менен өтүп, жалпы байге фонду 10 миң доллар түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД