Бийлик Жапаровдун экономикалык кризис тууралуу божомолдоолорун жокко чыгарды

Бийлик аппараты экс-каржы министри Акылбек Жапаровдун 2013-жылдын экинчи жарымында мамлекетте экономикалык кризис болот деген божомолдоолорун төгүндөдү.

"Айтылаган маалыматтар чындыкка жатпайт, бир беткей, конкреттүү фактылар, эсеп жана анализ менен бекемделген жок. Жапаров белгисиз себептерге байланыштуу чындыкка көз жумуп, жаңы киргизилген салыктарды гана экономикалык кризистин жышааны катары баалоодо. Ошол эле учурда негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн (ИДПнын өсүшү, инфляциянын деңгээли, эл аралык резервдердин айлык импортунун деңгээли ж.б.) деталдуу анализ тенденциясын көз жаздымда калтырып жатат. Бул логикалык жана макроэономикалык чөйрөдө баа берүү үчүн колдонуучу эл аралык практиканын карама-каршылыгын ачык айтып турат", - деп бийлик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Басма сөз кызматы белгилегендей, КРдин экономикалык коопсуздугуна коркунуч туудура турган мониторингдер индикаторунун анализи ар дайым жүргүзүлүп турат. Ал өзүнө 60 ашуун бири-бирине байланышкан индикаторлорду камтыйт. Берилген көрсөткүчтөргө ылайык, бардыгы мүмкүн болгон чекте туруп, эч кандай экономикалык кризистин болооруна шек жок.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, 2013-жылдын январь айынын жыйынтыгында ИДПнин өсүшү 6,5% болду. 2013-жылы экономиканын өсүшү 7,2%га көтөрүлүп, инфляциянын деңгээли – 7-9% болот.

Жапаровдун жаңы налогдорду киргизүү боюнча билдирүүсүн басма сөз кызматы "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү" мыйзамынан ылайык, Салык кодексинин "кирешенин алдын ала салык суммасына төлөө боюнча өзгөртүү" 217-беренесине киргизилди деп түшүндүрүп жатат. Бул мыйзам Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыгып, демилге көтөрүлгөн.

Ошондо, 2013-жылдын 1-январынан тартып, бардык салык төлөөчүлөр киреше салыгына өтүп кеткен кварталдан түшкөн кирешесинен 1% өлчөмдөгү алдын ала сумманы төлөөгө милдеттүү (б.а. аванстык төлөө). Иш жүзүнө ашып жүргөн мурдагы нормага ылайык, салык төлөөчүлөр өтүп кеткен жылдын киреше салыгына кварталдык төлөмдөрдүн суммасынын ¼ бөлүгүн төлөшчү.

Бийлик аппараты түшүндүргөндөй, бул өзгөртүүлөр салык төлөөчүлөрдүн кирешесинин алдын ала салык суммасын эсептөөгө жеңилдетүү үчүн багытталган. Кирешенин алдын ала салык суммасын аныктоо үчүн негиз катары, ишкананын жүрүп жаткан жылдагы финансы-экономикалык абалы каралат. Мурда негиз катары өтүп кеткен жыл алынчу, - деп билдирмеде жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД