Текебаев Кыргызстандагы облустар менен райондордун санын кыскартууну сунуштады

"Ата Мекен" фракциясынын бүгүнкү, 1-марттагы, жыйынында анын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы район менен облустардын санын кыскартуу керектигин билдирди. Фракция жыйынында өкмөт тарабынан сунушталган губернаторлорду кайтаруу маселеси каралды.

Анын айтымында, өлкө боюнча 460 айыл өкмөтү бар. Аларды 300гө чейин кыскартуу керек.

"Жогорку Кеңеш 2 жылдан бери иштеп атат. Чыныгы чараларды көрүү убактысы келди. Губернаторлорду кайта калыбына келтирүүнү мурдагыга кайткандык деп эсептөөгө болот. Ага барбаш керек. Маселе аймак башчыларын кандай атоодо эмес, системанын өзүн өзгөртүү керек", - деди Текебаев.

Ал ошондой өкмөт эмне себептен губернаторлук институтту калыбына келтирүүгө аракет кылып атканын белгиледи. Өкмөттүн аныктамасы боюнча облус жетекчилери чет жакка чыкканда алардын статусу төмөндөп калууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД