Иса Өмүркулов шаардыктарды таштанды тазалоого чакырды

"Райондун жана шаардын бардык кызматтар клумбаларды, көчөлөрдү иликтөө менен алектенип атышат. Бирок алардын абалы көңүл жубатарлык эмес", - деп Бишкек шаарынын мэри бүгүн, 1-мартта, билдирүү жасады.

Ал учурда шаарда толтура таштанды бар экенин белгиледи. Шаар башчысы ошондой эле соода түйүндөрүндө иштегендер, түрдүү чарбалык ишканалар жана шаар тургундары таштандыны көчөгө алып чыгып таштап атканына нааразы экенин билдирди.

"Биздин субъектер да шаардыктар алдында жоопкерчиликтүү болуш керек. Мен шаар тургундарына өзгөчө жаштарга кайрылат элем, биздин шаар таза жана көрктүү болушу үчүн мэрия тарабынан уюштурулган ишембилекке катышкыла", - деди шаар башчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД