Москвадагы курулуштардын биринен кыргызстандык жаран каза болду

Москвадага курулуштардын биринде Өзгөн районунун 27 жаштагы тургуну Бактыяр Мадалиев каза болду. Ал бала бакчалардын биринин жер төлөсүн оңдоп атканда анын үстүнө курулуш материалдары кулап түшкөн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиргендей, учурда кырсык боюнча материалдар прокуратура тарабынан текшерилүүдө. Ошондой эле иш учурунда коопсуздукту сактоо деңгээли да текшерилүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин гана кылмыш иши козголуп, козголбой турганы чечилет. Кыргызстандын жараны мыйзамсыз иштегендиктен жумуш берүүчүнүн да өздүгү такталууда.

Бул кырсык 22-февралда эле болгон. Каза болгон жарандын жакындары элчиликтин кызматкерлери менен анын сөөгүн мекенине алып келүү маселесин чечишти. Бүгүн, 1-мартта, анын сөөгү Москвадан Кыргызстанга авиакаттам аркылуу алынып келиниши керек деп элчиликтен билдиришти.

Бул жыл башынан бери катталган алгачкы окуя эмес. Мындай кейиштүү жагдайлардын орун алашына коопсуздук эрежелерин сактабагындык негизги себеп болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД