Бишкек мэри: Жети бала бакчада мамлекеттик мекемелер жайгашкан

Учурда мамлекеттик жети бала бакчада шаардык мекемелер жайгашкан. Бул тууралуу шаар башчы Иса Өмүркулов бүгүн, 1-мартта, билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардын карамагында 102 бала бакча бар. Алардын 79у өз максатында колдонулса, 23ү башка максатта колдонулууда.

"Бүгүнкү күнү бала бакчага 26 миң бала барат, ошого карабастан биз алардын 12 миңин гана кабыл ала алабыз. 7 бала бакчада мамлекеттик мекемелер орун алган. 2010-жылга чейин көптөгөн бала бакча менчиктештирилип кеткен. Менчиктештирүү мыйзам бузуу менен өткөн деп эсептейм. Бул бала бакчалар бузулуп, алардын ордуна көп кабаттуу үйлөр салынууда", -деди мэр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД