Пара алып кармалган ректор бошотулду

Пара алып кармалган Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтунун ректору Рыскелди Табышев бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта, ректордун адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, ректор 12-февралда студенттен пара алды деп шектелип кармалган. Ал МУККнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган болчу.

Кечээ, 28-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Табышевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошоткон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД