Мамлекеттик айыптоочу мародерчулук менен айыпталгандарга 200 жыл суроодо

Бүгүн мародерчулук боюнча айыпталып, убактылуу тергөө абагына камакка алынган төрт киши – Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморовго жана милициянын отставкадагы полковниги Абдувалы Акжоловго карата өкүм чыгат. Бул тууралуу алардын адвокаты Токтогул Абдиев "ВБ"га билдирди.

Андан сырткары, айыпталуучулардын арасында Юсуповдун аялы Рано Жоробаева да бар. Ал жер тилкелери боюнча алдамчылык жасаган деп айыпталууда.

Акжоловдун айтымында, мамлекеттик айыптоочу сурап аткан жаза мөөнөтү жалпысынан 200 жылды түзөт.

"Менин дарегиме айтылып аткан бардык айыптоолор жасалма. Бул саясый буйрутма", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД