Казакстандык компания Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирүүсүн үзгүлтүккө учуратты

Казакстандын ТОО "Көмүр" компаниясы Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралу маалыматты "ВБ"га энергетикалык тармактагы көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев билдирди.

Анын айтымында, "Электрические станции" ААК 2012-жылдын октябрында "Көмүр" компаниясы менен 100 миң тонна көмүр ташып келүүгө контракт түзүшкөн. Келишим боюнча компания өз милдеттерин 2012-жылдын ноябрь-декабрь айларында эле аткаруусу керек болчу.

Бирок, казакстандык компания болгону 21 миң тонна көмүр жеткирген. Анын себеби, ресурстук базанын жоктугунда. "Көмүр" компаниясы көмүр кенин өзү иштетпейт.

Бул маалыматты "ВБ"га "Электрические станции" ААКысынан тастыкташты.

Учурда "Электрические станции" "Көмүр" компаниясын келишимдеги милдеттерин аткарбагандыгы үчүн штраф төлөтүү максатында сотко берип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД