Александр Аванесов: Кыргызстандын сотторунун ишин медиаторлор азайтат

"Медиация борбору Кыргызстандын сотторунун ишин азайтат", - бул тууралу бүгүн, 4-мартта, Президент алдындагы сот реформасы кеңешинин жыйынында БУУнун КРдагы координатору Александр Аванесов билдирди.

Ал, мисал катары, медиация борборунун ачылышынан улам ашыкча жумуштардан арылган Черногориянын сотторун келтирди.

"Эки тараптын макулдашуусу менен эле чечиле турган маселелерди соттор карашпайт", - деди Аванесов.

Ошондой эле БУУнун өкүлү элдердин сот системасына ишенимин кайтарып, жарандык диалог иш тажрыйбасын улантуу керектигин белиледи.

Эске салсак, бүгүн Президент алдындагы сот реформасы кеңешинин жыйыны, КРдин процессуалдык мыйзам чыгаруучу актылардын жана укук нормаларын жакшыртууга багытталган, мыйзам долбоорлорун даярдоочу эксперттик жумушчу топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен өттү.

Маалымат үчүн

Сот реформасы боюнча кеңеш 2012-жылы, өлкөдө өткөрүлүп жаткан сот реформасынын приоритеттүү багыттар боюнча сунуштарды даярдоо, маморгандар, Жогорку сот, Сотторду тандоо боюнча кеңеш жана нормативдик-укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча соттор кенештердин бирдиктүү иш алып баруусун камсыздоо максатында түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД