Апрель окуяларынын катышуучусу: 60 тыйын дегенде чыдамым бүттү

"Президент Курманбек Бакиевдин "Ак үйдүн" алдында митинг уюштургандарды атам дегени эсимде", - деп бүгүн, 4-мартта, 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча соттун жүрүшүндө жабыркаган Уран Шаршенкулов айтты.

Анын айтымында, 2010-жылдын 7-апрелинде ал "Ала-Тоо" аянтына башкаларга кошулуп, начар жашоонун айынан келген. "Телефон чалгандыгың үчүн 60 тыйынды киргизгенде чыдамым бүттү, ага чейинки электр энергиясынын өчүрүлүшү, бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусу. Ушул себептер үчүн мен президенттин отставкага кетишин каалагам", - деди Шаршенкулов.

"Ак үйдүн" жанында жүрүп, ок жегенин жана анын жанында шум гранатасынын жардырылганын кошумчалады. "Март айында болуп өткөн биринчи революциядан кийин, жаңыдан шайланган Бакиевдин ЖМКларга, Акаевге окшоп тынч эле бийликти өткөрүп бербейм, мен ок атып коргоном деген сөзү али эсимде. Натыйжасында айтканындай кылды, көп адамдар мерт кетти", - деп сөзүн Шаршенкулов жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД