Депутаттар энергетиктерди жоготууларды 1,5% кыскарткандыгын сынга алышты

"2012-жылы электроэнергия тармактагы жоготуулар 1 млрд 500 миң кВт саатты түздү", - деп бүгүн, 4-мартта, бюджет жана финансы боюнча парламенттик комитетте, "Түндүкэлектро" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаев билдирди.

Анын айтымында, бул электроэнергиядагы жоготуу 22% түзөөрүн билдирет. "Жоготуулардын суммасы 1 млрд 300 млн сомду түзөт", - деди Аргымбаев.

Комитеттин төрагасы – "Ата Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков Чүй облусундагы калктын электрэнергиясын бир жылдык колдонулуучу көлөмүн сурады. Аргымбаев анын көлөмү жоготуулардын көлөмүнө барабар экенин маалымдады. "Сиз 2012-жылы жоготууларды 2011-жылга салыштырмалуу 1,5% азайттык деп жатасыңар, чоң ийгилик жараткансып. Бир жылдык жоготуу бир райондун колдонуу көлөмүнө барабар экен", - деди Келдибеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД