"Трибуна" гезитинин редакциясында тинтүү жүргүзүп жатышат

"Трибуна" гезитинин редакциясында учурда УКМК жана милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралу бүгүн, 4-мартта, "МК Азия" гезитинин башредактору Улугбек Бабакулов, "Трибуна" гезитинин башредактору Ырысбек Өмүрзаковго шилтеме жасап, "ВБга" маалымдады.

Бабакуловдун айтымында, Өмүзаковдун кабинетинде "катылган гранаталар" табылган имиш. Өмүрзаковдун сөзү боюнча, жакында эле анын катышуусу менен Бишкектеги 2010-жылдагы 7-апрель жана июнь айындагы түштүктөгү окуялар тууралуу китеп чыккан. Андан кийин ал дем алыш күндөрдү кошуп, үч күндөн бери редакцияга келген эмес. Бүгүн эртең менен кабинеттин оозунда аны орган кызматкерлери күтүп турган",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД