Ошто митинг ордуна Нооруз майрамынын репетициясы башталды

Оштун борбордук аянтында Нооруз майрамынын репетициясы жана ак калпак күнүн майрамдоо башталды. "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери азырынча митингге чыгыша элек. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Кызматтын жетекчиси Камиль Сыдыковдун айтымында, камакта отурган атажуртчу Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоо комитети бүгүн, 5-мартта, саат 10:00 өткөрүлүүчү митингге колдоо көрсөтүүсүн суранган.

Бирок маалымат кызматчы билдиргендей, атажуртчулар митингге дагы деле чыгыша элек. "Учурда аянтта 200-300 адам бар. Алардын бардыгы Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан репетициянын жана Ак калпак майрамынын катышуучулары", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 5-мартта, Ошто жана Ысык-Көлдө "Ата-Журт" партиясынын тарапкелери митингге чыгып, камакта отурган Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуусун жана "Кумтөр" менен келишимди жокко чыгаруусун талап кылышат. 2012-жылдын 3-октябрында депутаттар Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг уюштурушкан. 5-октябрда алар камакка алынып, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп күнөө коюлган. Учурда борбордун Биринчи май райондук сотунда, депутаттарга карата козголгон кылмыш иши каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД