Садыр Жапаровдун кичи мекенинде аны колдогон митингге чыгышпайт

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун жашоочулары Караколдо Садыр Жапаровду колдоого карата өткөрүлүп жаткан митингге катышышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, "ВБга" Түп районунун акиминин орун басары Руслан Түпеев маалымдады.

Анын айтымында, анда белгисиз адамдар район тургундарын митингге чыгууга үндөп, акча төлөп да берээрин айтып жаткандыгы тууралуу маалымат бар. "Бирок жаштар жана райондун көпчүлүк жашоочулары митингди колдошпойт. Митингге Жапаровдун туугандары жана жоро-жолдоштору катышы мүмкүн", - деди Түпеев.

Садыр Жапаров Түп районунун Тең-Суу айылында туулуп-өскөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД