Майрмам алдында мугалимдер февраль айынын айлыгын ала башташты

Борбордук мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кечээ, 4-марттан тартып, бишкектик мектептин мугалимдери февраль айы үчүн айлыктарын ала башташты.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалымдоосу боюнча 20-февралда шаардык мугалимдерге январь айы үчүн айлык маянасы төгүлгөн.

Мугалимдер майрам алдында айлыкты салттуу түрдө алаары белгиленет.

Биринчи кезекте айлык мугалим жана дарыгерлериге берилет, андан соң аны борбордук мэриянын кызматкерлери алышаарын кызмат баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД