Хоккей: Рамиль Гайсин Кыргызстан чемпионатында мыкты чабуулчу аталды

Хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатында эң мыкты чабуулчу деп "Дордой Ала-Тоо" командасынын оюнчусу Рамиль Гайсин аталды. Ал чемпионат учурунда каршылаштардын дарбазасына 35 шайба киргизди.

Андан тышкары, федерация хоккей боюнча мамлекеттик чемпионаттын мыкты дарбазачысы деп "Арстан" командасынан Адиль Альменовду, коргоочусу "Дордой Ала-Тоо"дон Юрий Журавлевду атады.

Ошондой эле чемпионаттын мыкты чабуулчусу деп "Хан-Тенгри" командасынан Максим Ходоренко жана мыкты калыс Роман Скрунник болду.

Эскерте кетсек, 4-мартта шайба менен хоккей чемпионаты соңуна чыкты. Чемпиондук титулду нарындык "Дордой Ала-Тоо" командасы алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД