Аз камсыздалган үй-бүлөдөн чыккан балдардын эсебинен 55 млн үнөмдөшөт

Соцөнүгүү министри аз камсыздалган үй-бүлөдөн чыккан балдар үчүн ай сайын төлөнүп жаткан пособиени 23 жашка чейин эмес 18 жашка чейин төлөөнү сунуштап жатат.

Бүгүн, 5-мартта, социалдык саясат боюнча парламенттик жыйында соцөнүгүү министри Кылычбек Султанов аз камсыздалган үй-бүлөдөн чыккан балдар үчүн ай сайын төлөнүп жаткан пособиени 23 жашка чейин эмес 18 жашка чейин төлөөнү сунуштап жатат. Бул учурдагы мыйзам нормаларына каршы келбейт.

Анын айтымында, аз камсыздалган үй-бүлөдөн чыккан балдар ЖОЖдордо бюджет менен бирге контрактык негизде окутулган бөлүмдөрдө да билим алып жатышат.

"Демек, кээ бир үй-бүлөлөр окууга каржат төлөөгө шарты бар. Аларга пособие берилбейт. Бул мыйзам 55,4 млн сом үнөмдөйт", - деди Султанов.

Комитеттин төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева бул мыйзам долбоору абдан көп адамдарга тиешеси бар, ошондуктан коомчулуктагы талкууну жана парламенттик жыйындарда каралуусун талап кылынарын айтты.

"Бюджеттин дефицитинен улам, адамдардан жөн эле туруп пособиелерин алып салуу туура эмес", - деп депутат кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД