Эртең Жалал-Абадда парламенттин таркатылышы үчүн мөөнөтсүз митинг башталат

Эртең Жалал-Абадда камакта отурган "Ата-Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылган митинг башталат. Негизги талаптар: парламентти таркатуу жана "Кумтөр" менен келишимди денонсациялоо. Бул тууралуу пландашылган акциянын уюштуруучусу Медербек Усенов билдирди.

Ал берген маалыматка ылайык миңден ашуун митингчилер келишет.

"Эртеңки күн – бул башталышы гана. Бул мөөнөтсүз митинг, биз бир нече боз үй орнотуп, Ташиев, Жапаров жана Мамытовдор бошотулмайын, парламент таркамайын жана "Кумтөр" менен келишим жокко чыгарылмайын, күндүр-түндүр митинг өткөрө беребиз", - деди Үсөнов.

Ошондой эле Жалал-Абад мэриясына пландалып жаткан акция тууралуу билдирме жөнөткөнүн да кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн, 5-мартта, "Ата-Журттун" Ош жана Ысык-Көлдөгү тарапкерлери митинге чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД