Жалал-Абадда ок атышуу болду

Жарандык активист Сергей Макаров Twitterде Жалал-Абадда ок атышуу болгон деп жазды. Бирок "ВБнын" күбөлөрүнүн айтымында, "Ата-Журт" депутаттарынын бошотуусун талап кылган митингчилер жергиликтүү администрациянын имаратына кирип, кайра чыгуудан баш тартып жатышат.

Жалал-Абаддын милиция бөлүмүндө, ок атышуу менен камакка алынган депутаттардын тарапкерлеринин митинги - бул бири-бирине эч байланышы жок фактылар катары окуялардын учет китебине киргизилгендигин "24.kg" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, ок атышуу – бул жергиликтүү криминалдардын иш-аракеттери.

Эске салсак, эртең Жалал-Абадда камакта отурган "Ата-Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылган митинг башталат. Негизги талаптар: парламентти таркатуу жана "Кумтөр" менен келишимди денонсациялоо. Бул тууралуу пландашылган акциянын уюштуруучусу Медербек Усенов билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД