Мэр шаардык кеңештин депутат-айымдарын куттуктады

Бүгүн, 5-мартта, борбордун мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык кеңештин депутат-айымдарын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өмүркулов саясатчы-аялдарга конструктивдүү жана жемиштүү иш, чың ден-соолук жана энелик бакыт каалады. "Аялсыз жашоо мүмкүн эмес. Улуу урматтуу аялдарга эң жакшы нерселер арналат. Сиздер шаардык департаменттин 1/3 бөлүгүн түзөсүңөр. Сиз бар үчүн жумуш жакшы тарапка кыйла өзгөрдү", - деди мэр.

Белгиленгендей, шаардык парламенттеги депутаттардын 45нин 12си айымдар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД