Россиянын Госдумасында кыргыз сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Кечээ, 5-мартта, Орусиянын Госдума имаратында атактуу кыргыз сүрөтчүсү Туман Жумабаевдин иштеринин жеке көргөзмөсү ачылды. Экспозициянын деилгечилеринин бири "Единая Россия" партиясынан Госдуманын депутаты Юрий Петров болду. Аны менен бирге көргөзмөнүн ачылышында Жумабаевдин орусиялык кесиптештери, Госдуманын депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү жана РФтеги Кыргызстандын элчиси Болот Жунусов катышышты.

Жумабаевдин айтымында, "Махабат тууралуу махабатым менен" аталыштагы экспозицияга 20 чукул картиналар кирип, Россиялык айымдардын 8-март майрамына арналган. Иштердин арасында натюрморт, пейзаж жана гүлдөр бар.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн депутат Юрий Петров, Жумабаевдин талантын жана чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн жогору баалады. Болот Жунусов бул чыгармалар "орусиялыктарга кыргыз табиятынын кооздугун, кыргыз тоолорунун кереметин жана кыргыз жан дүйнөсүн жакшыраак түшүнөөрүнө жардам берет деп ишенем", -деди.

Россиялык коллекционерлердин арасында – Владимир Путин, Алиса Фрейндлих жана Николай Расторгуев бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД