"Манас" аэропортунан алтын буюмдарды өткөрүүгө аракет жасалган

Бүгүн, 6-мартта, саат 04:30да "Манас" аба майданынын Авиациялык коопсуздук кызматы учуу алдындагы текшерүү өткөрүп жатып, "Бишкек-Стамбул" № 347 каттамынын жүргүнчү, Кыргызстандын жаранында 26 даана алтын зергер буюмдар табылган. Бул тууралуу "МЭА" ААКнын басмасөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жүргүнчү эч кандай уруксат берген кагаздарды көрсөтө алган жок. Ошондуктан бул өлкө ичинен баалуу металдарды мыйзамсыз жол менен чыгарып кетүү фактысы катары бааланган.

Жүргүнчү учуудан четтетилип, жогорудагы факты боюнча материалдары менен кошо КРдин Бажы кызматына өткөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД