Депутаттар коомдук-саясий абалды талкулоо үчүн күч органдарын чакырышты

Бүгүн, 6-мартта, "Ата Мекен" партиясынын депутаты Ташболот Балтабаев парламенттин пленардык жыйынында, парламенттик корпус өлкөдөгү жалпы абал боюнча өзүнүн позициясын билдириши керектигин айтып чыкты. Анын кесиптештери каршы болушкан жок, жана бүгүн, саат 16:00дө күч органдарын жыйынга чакырышты.

"Коомдо массалык психоз байкалууда. Элдер жакында кайрадан толкундоолор болуп, бийликти кулатуу тууралуу талкуулап жатышат. Эмне себептен биз унчукпайбыз? УКМК жана Генпрокуратуранын өкүлдөрүн чакырып, ачык же жабык режимдеги жыйын өткөрүп, өлкөдөгү абалды талкуулайлы", - деди Балтабаев.

Спикер Асылбек Жээнбеков өз кезегинде бардык депутаттар "ЖМКга көбүрөөк интервью берип, өлкөдөгү акыбал стабилдүү экенин баса белгилеш керек", - деди. "Бардыгыңарды журналисттер менен көбүрөөк кезигип, коомчулукка дагы бир революция болооруна эч кандай жышаан жоктугун айтуу зарыл. 2005-жылы андай жышаан бар болчу. Себеби, Акаевдин балдары чектен чыгып кетишкен. Бизнесмендердин жеке ишин тартып алышкан. 2010-жылы да акыбал абдан оор эле. Максим Бакиев өлкөдөгү бийликти монополдоштуруп, электрэнергиясына тарифтерди көтөргөн, мобилдик байланышка 60 тыйын киргизген. Коомчулуктун чыдамы бүткөн. Бирок эки президент тең бийликти берүүнү каалаган эмес", - деди Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД