Өмүрбек Текебаев: Жалал-Абаддагы митинг мыйзам чегинен чыгып кетти

"Кечээки Жалал-Абаддагы митинг нааразы болгон жарандар обладминистрациянын имаратына кирип, андан кайра чыгууга баш тартканда, мыйзам чегинен чыгып кеткен", - деп бүгүн, 6-мартта, "ВБ"га "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

"Менин оюм боюнча эл өз нааразычылыгын каршылык акциялар аркылуу билдирүүгө укуктуу, бирок имаратты басып алып, андагы администрация кызматкерлердин ишине жолтоо болууга эч кимдин укугу жок. Так ушул учуру мыйзамга туура келбейт", - деди парламентарий.

Атамекенчи ошондой эле атажурчуларды колдоо катары уюштурулган митингдер саясий заказ болушу мүмкүн деген пикирден баш тарткан жок.

Кечээ күнү шаардын аянтына депутаттарды коргоо үчүн баатыр энелер да чыгышкан. Кийинчерээк аларды облус администрациясынын имаратына сүйлөшүү үчүн киргизишкен. Бирок, андан соң митингчилер алардын талаптары аткарылмайын администрациядан чыкпайбыз деп билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД