Футзал: Казакстандын чемпионатында "Дордой" "ЦСКА"ны утуп чыкты

Кыргызстандын чемпиону "Дордой" Казакстандагы футзал боюнча чемпионаттын 16-турундагы биринчи матчта ийгилик жаратты.

Казакстандын ЖМКлардын маалыматына ылайык, "Дордой" 16-турдун биринчи матчында чемпионаттын аутсайдери, алматылык "ЦСКА"ны утуп чыкты. Төртүнчү мүнөттө эсепти дордойлук Ербол Мадьяров ачкан. Үч мүнөт өткөн соң алматылыктар жооп кайтарышты. 11-мүнөттө "ЦСКА" эсепти 1:2 кылганга жетишишти. Дордойлуктар аны теңдегенге беш мүнөттөн кийин гана үлгүрүштү. Голдун автору Бакыт Түмөнбаев болду. Бул матчта Тажикстандык легионер Шерзод Жумаев да өзгөчөлөндү.

Бүгүн, 6-мартта, "Дордой" менен "ЦСКАнын" ортосунда жооп кайтаруучу матч өтөт.

Эске салсак, Казакстандын чемпионатындагы турнирдик таблицада "Дордой" 8-орунда, болсо "ЦСКА" акыркы 10 орунду ээлеп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД